Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:09

9-10-ноябрь күндөрү Бишкекте алдыдагы он жылда жаштарды өнүктүрүү боюнча концепцияны иштеп чыгуу үчүн Улуттук жумушчу жолугушуусуна чогулат. Анда кыргыз өкмөтү бир катар эл аралык уюмдар менен чогуу жаштардын мамлекеттик саясатынын багыттарын аныктоо, жаштарды өнүктүрүүгө багытталган демилге-сунуштарды талкуулайт.

Жолугушууга кыргыз өкмөтүнүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, өлкөнүн бардык аймактарынан активист жаштар катышат.

Иш-чара "2020-2030-жылдарда Жаштар саясатын өнүктүрүү" деп аталган мамлекеттик программанын алкагында өтүүдө.

Бейрасмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жумушсуздардын жана сыртка миграцияга кеткендердин басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG