Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту уланууда. Бүгүнкү жараянда сатып алынган автоунаалардын бааларын аныктаган мамлекеттик жана жеке эксперттер күбө катары суралып жатат.
Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматовго, Эсеп палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиеге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге быйыл 17-февралда Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча иш козгогон.
Аларга 2011-жылы өз ара сүйлөшүп алып, "кызматтык автоунаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылган.
Мамлекеттик айыптоо тарап Шыкмаматов ошол кезде Эсеп палатасынын аудитору болуп туруп, аялына таандык автоунааны “Барат Люкс” деген компаниядан тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашканын айткан.
Шыкмаматов өзүнө коюлган күнөөнү четке кагып, муну "саясий куугунтук" деп атап келет. (TSh/NT)