Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Путин Атамбаевди Санкт-Петербург форумуна катышууга чакырды


Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин.
Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин.

Президент Алмазбек Атамбаев 8-ноябрда Орусиянын лидери Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, тараптар эки мамлекеттин кызматташуусундагы актуалдуу маселелерди, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкууга алышты.

Владимир Путин Алмазбек Атамбаевди Санкт-Петербургдагы VI эл аралык маданий форумдун ачылыш аземине катышууга чакырды.

Форумдун ачылышы 17-ноябрда Мариин театрында өтмөкчү.

Президент Алмазбек Атамбаевдин бийликтеги мөөнөтү ушул айда аяктайт. 15-октябрдагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрга белгиленген. (NT)

XS
SM
MD
LG