Линктер

дүйшөмбү, 19-февраль, 2018 Бишкек убактысы 18:03

Быйылкы жылдын башынан бери Түркиядан 12 кыргызстандыктын сөөгү келгенин Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги аркылуу үч, Стамбулдагы Башкы консулдуктун жардамы менен тогуз сөөк алып келинген.

Түркиянын Эмгек жана социалдык коопсуздук министрлиги буга чейин түрк жергесине барган кыргызстандык мигранттардын саны өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе көбөйгөнүн билдирген.

Түркияда расмий каттоодон өткөн кыргызстандыктардын саны 14 миңге жакын. Бирок каттоодон өтпөй, мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттардын саны мындан алда канча көп.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG