Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:32

Трамп Кытайды Түндүк Кореяга таасир көрсөтүүгө чакырды


Дональд Трамп жана Си Цзиньпин АКШ лидерин расмий тосуп алуу жөрөлгөсү учурунда. Бээжин, 9-ноябрь, 2017-жыл.
Дональд Трамп жана Си Цзиньпин АКШ лидерин расмий тосуп алуу жөрөлгөсү учурунда. Бээжин, 9-ноябрь, 2017-жыл.

АКШ президенти Бээжиндеги мамлекеттик визити учурунда Кытайды Түндүк Кореяга анын өзөктүк курал программасына байланышкан маселени жөнгө салууда таасир көрсөтүүгө чакырды.

Бээжинди Түндүк Корея менен каржылык байланыштарын үзүүгө үндөгөн Дональд Трамптын айтымында, Кытай Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасына байланышкан көйгөйдү “тез жана жеңил” чече алат.

Быйыл сентябрда БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШ демилгеси Түндүк Кореяга каршы экономикалык санкцияларды мурдагыдан катаалданткан болчу. Анын алдында Пхеньян бир нече ракетасын учуруп, анын ичинде континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынап, алтынчы өзөктүк жардыруусун жасаган болчу.

Коопсуздук кеңештин акыркы санкцияларынын аткарылышы көп жагынан Кытайга көз каранды. Анткени Бээжин-Пхеньяндын башкы соода өнөктөшү.

Дональд Трамп менен Кытай президенти Си Цзинпиндин Бээжиндеги сүйлөшүүлөрүнө тушташ эки өлкөнүн фирмалары 250 миллиард доллардык коммерциялык келишимдерге кол койгону жарыяланды. Кытай лидери алардын экономикасы эми чет өлкөлүк компаниялар, анын ичинде АКШда келгендер үчүн да көбүрөөк ачык болорун билдирди. Ал эми АКШ лидери алар үчүн адилетсиз болуп жатканын да баса белгиледи.

Кытайдын эсебинде, өткөн ай ичи эле эки тараптуу сооданын көлөмү 26,6 миллиард долларды түзгөн. Бирок экспорт жагынан Кытай үстөмдүк кылгандыктан эки тараптуу соодада АКШүчүн ири таңкыстык бар.

Кытай лидери Си Цзинпиндин билдиргенине караганда, ал Трамп менен сүйлөшүүлөрүндө эки тарап үчүн тең тынчсыздануу жараткан бир катар маселелер боюнча мунасага жетишти.

Бээжиндин Тяньаньмэн аянтындагы Калк сарайында, расмий тосуп алуу жөрөлгөсү учурунда чет элдик лидер катары Дональд Трампка буга чейин болуп көрбөгөн сый көргөзүлүп, бул жөрөлгө мамлекеттик телевидениеден түз чагылдырылды. (UE)

XS
SM
MD
LG