Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Эксперттер: Батыштын Орусияга жообу “чектелүү жана алсыз”


Коопсуздук жана тышкы саясат боюнча эксперттер тобу Батыш өкмөттөрүнүн Кремлдин алар атагандай “демократияларга каршы душманчыл аракеттерине” карата буга чейин жасаган иштерин “чектелүү жана алсыз” деп эсептейт.

“Батыш демократиялары Путинди кантип токтотушу керек” деген аталыштагы декларацияны Прагадагы “Европа баалуулуктары” иликтөө уюму демилгелеп, аны даярдоого 70тей эксперт катышкан.

Владимир Путин демократияларды коркутууну, кодулоону чечкен жана Батыш саясий истеблишментинин ири бөлүгү али муну аңдап биле элек”, - деп айтылат декларацияда.

“Путиндин Евро-Атлантикалык аймакты бөлүү жана башкаруу пландарына” каршы чара көрүү зарыл деген эксперттер саясий лидерлерди Орусия туудурган коркунучтарды таанып, анын “душманчыл ишмердигин” аныктап, иликтөөгө чакырышкан.

Алар даярдаган декларация 13-ноябрдагы атайын жыйындын алдында жарыяланды.

Анда Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери шаркеттин чыгыштагы коңшулар менен стратегиялык байланыштары кандай иштеп жатканына баа беришмекчи.

Орусиянын дезинформация өнөктүгүнө жооп чара катары Евробиримдиктин лидерлери буга чейин East Stratcom деген аталышта жумушчу топ түзгөн.

Анын максаты - шаркеттин саясаты менен баалуулуктарын Чыгыштагы коңшуларга жайылтуу болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG