Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:43

Жогорку Кеңештин жалпы сессиясында бүгүн Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы ЕАЭБге кирүү шартында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндөгү макулдашууну, жардам берүү жана техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу протоколду денансациялоо боюнча мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда колдоо тапты.

Ага каттоодон өткөн 106 депутаттын 105и "макул", бирөө "каршы" добуш берди.

Казакстандын 100 миллион долларлык каржылык жардамынан баш тартып, мурда бекитилген макулдашууну жокко чыгарууну өкмөт сунуштаган, мындай кадамды аталган каражатка муктаждык болбогону менен түшүндүргөн.

Казакстан 2015-жылы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулганына байланыштуу техникалык регламенттерди жүзөгө ашырууга жардам иретинде 100 миллион доллар берүүгө макул болгон.

Кыргыз тарап бул каражатка чек арадагы өткөрмө бекеттерди оңдоп, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды курууну көздөгөн эле. Бирок кайтарымсыз жардам кечиккени үчүн өкмөт бюджеттеги каражатка лабораторияларды бүткөргөнүн маалымдаган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG