Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

Казакстандын жардамынан баш тартуу демилгеси экинчи окууда өттү


Жогорку Кеңештин жалпы сессиясында бүгүн Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы ЕАЭБге кирүү шартында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндөгү макулдашууну, жардам берүү жана анын колдонулушу, техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу протоколду денансациялоо боюнча мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы келишимди денансациялоо демилгесин буга чейин тармактык үч комитет жактырган.

23-октябрда Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети Казакстандын 100 миллион доллар каржылык жардамынан баш тартып, мурда бекитилген макулдашууну жокко чыгаруу боюнча өкмөттүн сунушун колдогон. Кыргыз өкмөтү мындай кадамды аталган каражатка муктаждык болбогону менен түшүндүрүүдө.

Казакстан 2015-жылы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулганына байланыштуу техникалык регламенттерди жүзөгө ашырууга жардам иретинде 100 миллион доллар берүүгө макул болгон.

Кыргыз тарап бул каражатка чек арадагы өткөрмө бекеттерди оңдоодон өткөрүп, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды курууну көздөгөн эле. Бирок кайтарымсыз жардам кечиккени үчүн өкмөт бюджеттеги каражатка лабораторияларды бүткөргөнүн билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG