Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Бишкек-Астана: Он жыл күттүргөн 100 миллион


Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети Казакстандын 100 миллион доллар каржылык жардамынан баш тартып, мурда бекитилген макулдашууну жокко чыгаруу боюнча өкмөттүн сунушун колдоду.

Өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев Казакстан 10 жылдан бери бул акчаны берүүнү убада кылып, кол коюлган макулдашууга карабастан "тил эмизип" келгенин билдирди.

Ошондой эле ал расмий Астана берилбеген жардамын колко кылганы үчүн андан баш тартуу зарылдыгын жана бул каражатка муктаждык жок экенин белгиледи.

Он жылдан бери келбеген жардам

Кыргызстандын парламенти Казакстандын 100 миллион доллар жардамынан баш тартуу боюнча өкмөттүн сунушун расмий жоболоштурууга киришти. Алгач аны караган бюджет жана каржы комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Казакстан ал каражатты 10 жылдан бери ар кандай шылтоо менен бербей келгенин билдирди. Анын айтымында, 2007-жылы Казакстан Кыргыз-казак инвестициялык фондун түзүүгө 100 миллион доллар караган. Бул багытта 2011-жылы дагы сүйлөшүүлөр жүрүп, бирок каржылоо ишке ашкан эмес.

2014-жылы Кыргызстан ЕАЭБге кирердин астында Астана мына ошол акчаны берүүнү убада кылып, экинчи ирет макулдашууга кол койгон. Ал акча биримдиктин талаптарына жооп берчү лабораторияларды курууга багытталган. Бирок ал каражат мына ошондон бери түшкөн эмес.

Дүйшөнбек Зилалиев кыргыз өкмөтү учурда ал каражатты алууга муктаждык жок деген чечимге келгенин билдирди:

- Казакстандын кээ бир жетекчилери бизге берилбеген каржылык жардамды док кылып, ошол 100 миллион долларды "бердик" деген үстүртөн түшкөн жалган билдирүүлөрүнөн кийин биз бул маселени кайра карап чыгууга туура келди. Ошондуктан, урматтуу депутаттар, Кыргызстандын эли, кыргыз мамлекети биз өзүбүздү өзүбүз сыйлабасак, бизди эч ким сыйлабайт. Мына ошого байланыштуу бул каражатка муктаждык жок деген негизде биз андан баш тарталы деп чечтик.

Кыргыз өкмөтү Казакстандын жардамы кечиккендиктен 2016-жылы төрт заманбап лаборатория куруп, 12 райондук лабораторияны оңдоого 172 миллион сом бөлгөн. Бирок курулуш иштери бүтө элек болчу.

Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин мүчөсү Акылбек Жапаров өкмөт каржылык жардамдан баш тарткандан кийин аларды эми өз күчү менен бутүрүшү зарыл экенин эскертти:

- Намыс керекпи? Эгерде ал жактан ошол каражат келбей турганына көз жеткенден кийин биз өз күчүбүз менен эле ошону бүтүрүп коёлу. Эгерде бюджеттен каражат табылбаса, анда ал акчаны бюджеттен тышкары булактардан издеп тапсак болот. Эң башкысы бул жерде кыргыздар өзүнүн көйгөйүн өзү чече ала турганына башкалар ынанышы керек. Ошондуктан өкмөт бул маселеге кылдат карап, тиешелүү акчанын булагын аныктап, лабораторияларды аягына чыгарып, бир жылдын ичинде бардыгын бүтүрүп коюшу керек.

Таарыныч аралаш кызматташтык

Казакстан убада кылган акчанын 41 миллион доллары жакында которула турганы айтылган. Бул боюнча тиешелүү документтерге казак тарап быйыл жайында кол коюп, ал күчүнө кирген болчу.

"Ак-жол" өткөрмө бекети, 18-октябрь, 2017-жыл
"Ак-жол" өткөрмө бекети, 18-октябрь, 2017-жыл

Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынан депутат Улугбек Ормонов саясий таарынычтан эки тараптуу кызматташууну үзгүлтүккө учуратып, ал макулдашууну жокко чыгаруу туура эмес деп эсептейт:

- Бул жерде эми атайын ЕАЭБге кошулуу боюнча өнөктөштүк жардам болсо... Анан калса бизге учурда каржылык жардам аябай эле керек го. Анткени айтылган лабораториялар толугу менен бүтүшү керек. Быйыл 12-августтан тарта техникалык регламенттердин саны көбөйүп, лабораториялык текшерүүлөргө карата муктаждык күчөдү. Жакында эле бизде шайлоо болуп, андан жеңип чыккан президентке ыйгарым укуктарын өткөрүп берердин астында мына ушундай таарынычтардын кереги жок беле дейм да...

Буга чейин Кыргызстандагы президенттик шайлоого сырттан кийлигишүүгө байланыштуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев казак бийлигин сындап чыккан эле. Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев буга чейин Кыргызстанга көрсөтүлгөн каржылык жардам катары макулдашууда бекитилип, бирок бериле элек 100 миллион доллар каражатты дагы тизмектеп өткөн эле. Бирок кыргыз өкмөтү Казакстандын ал жардамынан баш тартарын жарыялаган.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги расмий түрдө андай сунуш түшө электигин билдирген эле. Эки ортодогу соңку келишпестиктерди жөнгө салуу үчүн Кыргызстандын өкмөт өкүлчүлүгү Астанага жөнөп кеткен болчу.

Чек арада адам тыгыны азайды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:40 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG