Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Депутат Бакиров Кумтөр боюнча көчмө жыйын өткөрүүнү сунуштады


Кумтөр кени
Кумтөр кени

Бул демилгени депутат Мирлан Бакиров сунуштады. Ал депутаттар өз көзү менен абалды барып көрмөйүнчө мөңгүлөр тууралуу толук кабар алалбастыгын билдирди. Бакиров Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнүн башында өкмөт турганын, учурда туура эмес маалыматтардан депутаттар жаманатты болуп жатканын кошумчалады.

- Бул мыйзам 2015-жылы өкмөт тарабынан сунушталган. Өкмөт биринчи редакциясында ал жакка жалпы мөңгүлөрдү жылдырууга уруксат сурап жазган. V чакырылыштагы парламент мыйзамда талашып отруп, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн жылдырууга гана уруксат берген. Эми болсо келип-келип Жогорку Кеңеш күнөөлүү болуп жатат.

Мирлан Бакиров бүгүнкү күндө мөңгүлөр боюнча коомчулукта жаралып жаткан нааразылыкка өкмөт атайын маалымат жыйын куруп, ЖМК өкүлдөрүнө түшүндүрмө берүүнү сунуштады. Ал эми парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети көчмө жыйын уюштурушу керектигин демилгеледи.

Жогорку Кеңеште Суу кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр кендеги эки мөңгүнү бузууга жол ачмакчы.

8-ноябрда жарандык активисттер алтын казууну токтотуп, жаратылышты сактап калууну бийликтен талап кылып акцияга чыгышкан. (SDz)

XS
SM
MD
LG