Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Могерини Борбор Азия сапарын Кыргызстандан баштайт


Федерика Могерини.
Федерика Могерини.

Федерика Могерини бүгүн Бишкекте Кыргызстандын бийлик башчылары менен сүйлөшүү өткөргөнү жатат.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлүнүн сапары шаркетке мүчө өлкөлөр Кыргызстан менен жаңы саясий келишимди сүйлөшүү мандатын Европа комиссиясына бергенден кийинки учурга туш келүүдө.

Жаңы макулдашуу 1999-жылы түзүлгөн, Бишкек менен Евробиримдик ортосундагы саясий алака-катышты аныктаган "Өнөктөштүк жана кызматташтык келишимин" алмаштыруусу керек.

Бул тууралуу маалымат Брюсселде өткөн айда Кыргызстандагы президенттик шайлоодон бир апта мурда жарыяланган.

Могерини Бишкектен соң Самаркандга барып, 10-ноябрда ЕБ-Борбор Азия министрлер кеңешинин жыйынына катышат.

Ал өзү Брюсселден жөнөп жатып, Борбор Азия ЕБ үчүн өтө маанилүү аймак экенин эске салды.

“Коопсуздуктан тартып, радикалдашууга жана экстремизмге каршы туруу, соодадан тарта жарандык коомду колдоого чейин ЕБ жана аймактын өлкөлөрү бекем өнөктөштөр. Биздин жылдык жыйындарыбыз өткөн жылы эмнелер жетишилгенин жана коопсуздукту чыңдоо, биздин аймактардын стабилдүүлүгү, жарандардын кызыкчылыгы үчүн алдыга жаңы күн тартипти кароого мүмкүндүк берет,- деп белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG