Кыргызстанда 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан Сооронбай Жээнбеков Орусиянын РИА Новости агенттигине маек курду. Анда Жээнбеков агенттиктин тышкы саясат, үй-бүлө жана жашоодогу кызыкчылыктары тууралуу суроолоруна жооп берген.
Маектешүүдө "Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын туруктуулугун камсыздоо үчүн парламентти мөөнөтүнөн мурда таратып, жаңы шайлоо өткөрүү максатка ылайыкпы? Сиздин көз карашыңызда жакынкы мезгилде окуялар ушул өңүттө өнүгүшү мүмкүнбү?" деген суроолор болгон.
Буга Сооронбай Жээнбеков "Азыр Жогору Кеңешти таратууга түрткү берчү саясий кризистин белгилери байкалган жок. Жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүгө олуттуу негиз болушу керек" деп жооп кайтарган.
Кыргызстанда айрым талдоочулар, саясатчылар Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка расмий киришкенден кийин Жогорку Кеңеш тарашы мүмкүн деген божомолдорун айтып жүрүшөт.
КСДП көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоодо 54,22 пайыз добуш менен жеңишке жеткен. Анын инаугурациясы 24-ноябрга белгиленген. (NT)