Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Жээнбековдун ант берүү аземине даярдык башталды


Сооронбай Жээнбеков жана Алмазбек Атамбаев
Сооронбай Жээнбеков жана Алмазбек Атамбаев

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун кызматка расмий киришүүсүнө байланышкан иш-чарага даярдык жүрүп жатат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин 3-ноябрдагы жарлыгынын негизинде Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү иштерин уюштуруу комитети жүргүзүүдө.

Президенттин жарлыгына жана уюштуруу комитетинин маалыматына ылайык, инаугурация 24-ноябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Уюштуруу комитетинин төрагасы, президенттик аппараттын башчысы Алмаз Үсөновдун билдиргенине караганда, инаугурация "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт жана ага камылгалар кызуу жүрүп, коноктордун тизмеси да такталып жатат. Ошол эле учурда чет өлкөлөрдөн жогорку даражалуу расмий конокторду чакыруу жагы каралбаганын белгилеген аппарат башчы муну дүйнөлүк практика менен негиздеди:

"Дүйнөлүк практиканы эске алып, инаугурацияга чет өлкө президенттери чакырылбайт. Бирок өлкөдөгү элчилердин баары чакырылат", - деди Үсөнов.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү инаугурация бир саатка созулат деп болжошууда. Программага ылайык, бул убакыт аралыгында кызматын өткөрүп берип жаткан жана кызматка киришип жаткан президенттер Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, соңунда жаңы президент ант берет.

Борбордук шайлоо комиссиясы болсо жаңы президенттин күбөлүгүн жана штандартын тапшырат. БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Мыйзам боюнча шайланган президент расмий кызматына киришип жатканда БШК анын күбөлүгүн жана айырмачылык белгилерин төш белги жана штандартты ыйгарат. Биз ошол мыйзам боюнча белгиленген милдеттерди салтанатта аткарабыз.

Абдыжапар Бекматовдун айтымында, жаңы президенттин төш белгиси менен штандартын даярдоо иши эми башталат. Инаугурацияга канча каражат сарпталары тууралуу ачык маалымат таратылган жок. Айрым кабарларга караганда, каражатты өз маалында бөлүү өкмөткө жүктөлүп, ал үчүн финансы министри Адылбек Касымалиев уюштуруу комитетинин мүчөлүгүнө кирген.

Калк түз эфирден көрөт

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун "Ала-Арча" резиденциясында өтө турган инаугурациясы КТРКнын телерадиоберүүлөрү жана социалдык түйүндөр аркылуу түз алып көрсөтүлөт. Бул тууралуу уюштуруу комитетинин мүчөсү, КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, КТРК бул максатта үч көчмө станциясын бөлүүдө, мындан башка көптөгөн жеке каналдар ретрансляция аркылуу беришмекчи.

- Инаугурацияны HD форматта беребиз. Өзүбүздүн төрт каналдан башка дагы жети каналдан арыз түштү. Менин баамымда дагы башка каналдар сигнал бөлүшүү боюнча кайрылуулар менен келет болушу керек, баш-аягы 15ке жакын канал ант берүү аземин түз режимде көрсөтүшөт. Мындан башка беш интернет сайт түз эфирде көрсөтүү боюнча арыз берди, ошондой эле социалдык түйүндөрдө да жеткиликтүү болот.

Анткен менен коомдук-саясий чөйрөдө жаңы президенттин ант берүү салтанатына элдин калың катмары катышпай калып жатканына ичи чыкпагандар да бар. Легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев буларды айтты:

- Менин оюма бул жерде коопсуздук жагы эске алынып жатат. Экинчиден, чек арада абал курчуп, элде нааразычылык болуп жатканда ашыкча салтанаттын кереги жок деп токтолушту окшойт. Иш-чараны жупуну өткөрүү менен президенттик даражаны жөнөкөйлөтүү философиясы жатат деп ойлойм. Негизинен инаугурацияга биздин коомчулуктун көп катмары катышса жакшы болмок. Бул биздин чоңдор гана чогулган жыйын болбостон, карапайым элди катыштырса да жакшы болмок.

Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев, 1-декабрь, 2011-жыл
Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев, 1-декабрь, 2011-жыл

Эгемен Кыргызстандын тарыхында президенттин ант берүү аземи “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында биринчи жолу өтүп жатат. Буга чейинки президенттердин инаугурациялары Ак үйдө, “Ала-Тоо” аянтында жана Улуттук филармониянын имараттарында өтүп, иш-чарага чет өлкөнүн президенттери баштаган жогорку даражалуу коноктор катышып келген.

Кыргызстанда 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков 54,22% добуш менен жеңип чыккан. БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын 30-октябрда жарыялады. Мыйзам боюнча расмий жыйынтык айтылгандан кийин 30 күн ичинде жаңы шайланган президент ант берип, кызматына киришүүсү керек.

Азыркы президент Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын 1-декабрында ант берген. Ага чейин мамлекетти Роза Отунбаева, Курманбек Бакиев, Аскар Акаев башкарып келишкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG