Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Могерини: Жаңы макулдашуу ЕБ-Кыргызстан үчүн мыкты мүмкүнчүлүк


Федерика Могерини.
Федерика Могерини.

ЕБнын тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини бул тууралуу бүгүн Бишкекте премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушуунун медиа үчүн ачык бөлүгүндө айтты:

- Демократия дайыма иштеп турган жараян болгондуктан биз өлкө үчүн зарыл реформаларды башкаруу чөйрөсү, экономикалык реформалар же жарандар үчүн мүмкүнчүлүк жаратуу болобу коштоого кубанычтабыз. Сиздерден өкмөттүн приоритети, биздин кызматташтыгыбызды күчөтө алуучу жолдор тууралуу уккубуз келет. Кыргызстан менен Евробиримдик ортосунда жаңы макулдашуу боюнча сүйлөшүүнү баштоо биз үчүн эң мыкты мүмкүнчүлүк болот, - деди Могерини.

Ал Кыргызстанга 9-ноябрдын кечинде келип, президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолугууда.

Евробиримдиктин жогорку даражалуу чабарманынын азыркы сапары шаркетке мүчө өлкөлөр Кыргызстан менен жаңы саясий келишимди сүйлөшүү мандатын Европа комиссиясына бергенден кийин болуп жатат.

Жаңы макулдашуу 1999-жылы түзүлгөн, Бишкек менен Евробиримдик ортосундагы саясий алака-катышты аныктаган "Өнөктөштүк жана кызматташтык келишимин" алмаштыруусу керек.

Бул тууралуу маалымат Брюсселде өткөн айда Кыргызстандагы президенттик шайлоодон бир апта мурда жарыяланган.

Могерини Бишкектен соң Самаркандга барып, 10-ноябрда ЕБ-Борбор Азия министрлер кеңешинин жыйынына катышат.

Ал өзү Брюсселден жөнөп жатып, Борбор Азия ЕБ үчүн өтө маанилүү аймак экенин эске салды.

“Коопсуздуктан тартып, радикалдашууга жана экстремизмге каршы туруу, соодадан тартып жарандык коомду колдоого чейин ЕБ жана аймактын өлкөлөрү бекем өнөктөштөр. Биздин жылдык жыйындарыбыз өткөн жылы эмнелер жетишилгенин жана коопсуздукту чыңдоо, биздин аймактардын стабилдүүлүгү, жарандардын кызыкчылыгы үчүн алдыга жаңы күн тартипти кароого мүмкүндүк берет,- деп белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG