Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Кыргызстандык аялды сабаган түрк полициячылардын соту башталды


Сүрөт интернетте тараган видеодон алынды.
Сүрөт интернетте тараган видеодон алынды.

Түркияда кыргызстандык аялды сабады деген эки полиция кызматкеринин үстүнөн сот башталды. Бул тууралуу Алания шаарындагы аялдардын укуктарын коргоо комитетинин адвокаты Мүге Гезгинжи "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Кыргызстандык жаранды сабаган эки полиция кызматкери 2018-жылдын март айына чейин убактылуу иштен бошотулду. Жетиштүү далилдер жок болгондуктан сот келерки жылдын мартына калды. Сабалган аял азыр Адана шаарында психиатриялык ооруканада дарыланып жатат. Анын саламаттыгы боюнча кабар алуу үчүн расмий кайрылуу жибердик.

9-ноябрдагы соттук териштирүүгө айыпталып жаткан эки полиция кызматкеринин жактоочулары, окуянын күбөлөрү, Аланиядагы аялдардын укуктары боюнча комитетинин адвокаттары жана Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун өкүлдөрү катышты.

Алания шаардык прокуратурасы тергөөнү улантууда. 4-октябрда Түркиянын социалдык түйүндөрүндө Анталиянын Алания аймагында эки полиция кызматкери жерде жаткан аялды сабап жаткан тасма тарап, катуу талкуу жараткан. Түрк полициясы окуянын чоо-жайын териштирип, 40 жаштагы аял кыргызстандык экени, психикалык жактан жабыркап жүргөнү айтылган. (ElB)

XS
SM
MD
LG