Казакстандын Экономика министрлиги Кыргызстанга бериле турган 100 миллион доллар боюнча келишимди денонсациялоону караган мыйзам долбоорун даярдап чыкты. Бул документ жакын арада өлкө мажилисине жөнөтүлөрүн Казакстандагы "Тенгриньюс" баштаган басылмалар кабарлашты.
9-ноябрда кыргыз парламенти бул макулдашууну токтотуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырган.
Казакстан 2015-жылы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулганына байланыштуу техникалык регламенттерди жүзөгө ашырууга жардам иретинде 100 миллион доллар берүүгө макул болгон.
Октябрда Казакстан чек арадагы текшерүүлөрдү күчөткөндөн кийин кыргыз өкмөтү казак тараптын бул каржылык жардамына муктаж болбогонун билдирип, мурда бекитилген макулдашууну жокко чыгарууну сунуштаган.