Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Шыкмаматовдун сотунда иштин материалдары изилдене баштады


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту уланууда.

9-10-ноябрдагы жараяндарда кылмыш ишин козгоого негиз берген автоунаа баасы боюнча мамлекеттик жана жеке эксперттер күбө катары суралып бүттү. Учурда иштин материалдарын изилдөө башталды.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматовго, Эсеп палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиеге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге быйыл 17-февралда Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча иш козгогон.

Аларга "2011-жылы өз ара сүйлөшүп алып, кызматтык автоунаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылган.

Мамлекеттик айыптоо тарап Шыкмаматов ошол кезде Эсеп палатасынын аудитору болуп туруп, аялына таандык автоунааны “Барат Люкс” деген компаниядан тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашканын айткан.

Шыкмаматов өзүнө коюлган күнөөнү четке кагып, муну "саясий куугунтук" деп атап келет. (TSh/NT)

XS
SM
MD
LG