Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Орусия чет өлкөлүк медианы чектеген чараларга барат


Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин
Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин

Орусиянын Мамлекеттик Думасында "чет өлкөлүк маалымат каражаттарына карата чектөөлөр" даярдалып жатат. Бул чаралар чет өлкөлүк агенттер тууралуу мыйзамдын алкагында кабыл алынарын жана чет мамлекеттерден каржыланган медиа уюмдарына тиешелүү экенин Думанын вице-спикери Пётр Толстой билдирди.

Бир күн мурда Орусия каржылаган англис тилиндеги RT (Russia Today) телеканалы Американын талабынын негизинде Кошмо Штаттарда чет өлкөлүк агент деп катталарын билдирген. Каналдын башкы редактору Маргарита Симоньян муну "басмырлоочу чечим" деп атап, сотко кайрыларын айткан. АКШнын Юстиция министрлиги соңку жагдай боюнча комментарий бере элек.

Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин депутаттар бул маселени талкуулашы үчүн 10-ноябрдагы парламент сессиясына күтүүсүздөн тыныгуу жарыялады.

"АКШда биздин телекомпанияларга карата мындай чечимдер кабыл алынып жатса, биз жооп кайтарууга укуктуубуз",-деди Володин.

Президент Владимир Путин баштаган орус расмийлери RT телеканалы АКШда агент катары катталууга аргасыз болсо, Орусиядагы америкалык медиа каражаттарына да чара көрүлөөрүн эскерткен. АКШнын Мамлекеттик департаменти болсо Америкадагы чет өлкөлүк агенттер жөнүндө мыйзам Кремлдин мыйзамынан кыйла айырмаланарын, андагы жоболор басма сөз эркиндигин чектебей турганын бир нече ирет кайталаган.

XS
SM
MD
LG