Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Uber компаниясы 2023-жылы учуучу такси кызматын ачат


Uber компаниясы НАСА космос агенттиги жана бир катар автоөндүрүүчүлөр менен бирге учуучу такси жасоого киришти. Үч жылдан кийин сыноодон өткөрүп, алты жылдан кийин аны АКШда ишке киргизүү пландалууда.

"2023-жылы аба аркылуу жүргүнчү ташуунун бул түрү сөзсүз ишке ашырылат. Ал үчүн смартфондогу тиркемебизге кирип, Uber Air дегенди басып, чакыруу жиберүү жетиштүү болот",-деди компаниянын өндүрүш бөлүмүнүн директору Жефф Холден.

Учма такси төрт жүргүнчүгө ылайыкташып, ылдамдыгын саатына 322 чакырымга чейин көбөйтө алат. Буга чейин башка компаниялар да учуучу унаалар боюнча планын жарыялашкан.

Дубайда волокоптерлер ишке кирсе, Airbus 2020-жылы пилотсуз учуучу таксисин чыгарарын билдирген. Aeromobil компаниясы да үч мүнөттө жерден абага көтөрүлчү машине чыгарабыз деп жатат.

XS
SM
MD
LG