Испаниянын Жогорку Соту талаштуу референдумдан кийин таратылган каталон парламентинин беш депутатын камактан бошотту. Бирок көтөрүлүш беренеси боюнча аларга тагылган айыптарды териштирүү улана бере турган болду.
Сот чечимине ылайык, учурда камакта жаткан каталон парламентинин мурдагы спикери Карме Форкаделге 150 миң евролук күрөөнүн негизинде камактан чыгууга мүмкүнчүлүк берилет.
Азыр Каталониянын мурдагы өкмөтүнүн дагы сегиз өкүлү камакта кала берүүдө. Ал эми мурдагы каталон лидери Карлес Пучдемон жана анын дагы төрт кызматташы Бельгияда жүрүшөт.
Каталон парламенти 1-октябрдагы референдумдун жыйынтыгына таянып, 27-октябрда аймактын Испаниядан көз карандысыздыгын жарыялаган. Референдумду мыйзамсыз деп тааныган испан өкмөтү аймакка түз башкаруу киргизип, эгемендикти жактаган каталон жетекчилерине кылмыш ишин козгогон.