Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Ижевсктеги кырсыкта каза тапкандардын саны алтыга жетти


Орусиянын батышындагы Ижевск шаарында көп кабаттуу имараттын ураганынан улам каза тапкандардын саны алты кишиге жетти. Жергиликтүү бийлик алтынчы адамдын сөөгү урандылардын арасынан 10-ноябрда табылганын, эки кишинин дайыны чыкпай жатканын билдиришти. Каза болгондордун экөө өспүрүмдөр экени аныкталды.

9-ноябрда тогуз кабаттуу имараттын бир ыптасы урап түшүп, баш-аягы 32 батир бузулган. Бийлик буга газ балондун жарылышы себеп болгонун айтышууда.

Жергиликтүү тургундар имараттын курулганына 30 жыл болгонун "Азаттыкка" билдиришти.

XS
SM
MD
LG