Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Казакстан радиация жылчыгы тууралуу маалыматтарды төгүндөдү


Алматыдагы Ядролук физика институту сентябрь жана октябрь айларында Казакстандын аймагында радиация жылчыгы катталбаганын билдирди. Курчатов шаарындагы Радиациялык коопсуздук жана экология боюнча институттун өкүлдөрү болсо өлкөдө радиоактивдүү рутений заты абага чыгып кетти деп айтууга негиз берген объекттер жок экенин "Азаттыктын" казак кызматына айтты.

Анын алдында Франциянын өзөктүк жана радиация коопсуздугу институту Европанын үстүндө радиактивдүү булут пайда болгонун кабарлаган. Алар буга сентябрдын аяк ченинде Орусиянын же Казакстандын өзөктүк ишканасында пайда болгон радиация жылчыгы себеп болушу мүмкүндүгүн ишара кылышкан.

Метеорологиялык багыттарга таянган окумуштуулар радиактивдүү булуттар Урал тоолорунун түштүк жагынан пайда болушу ыктымалдыгын айтышууда. Орус бийликтери өзөктүк объектилеринде эч кандай жылчык жоктугун маалымдаган.

XS
SM
MD
LG