Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Нью-Делиде түтүндүн айынан өзгөчө кырдаал жарыяланды


Нью-Дели
Нью-Дели

Индиянын борбору Нью-Делиде бир жумадан бери каптаган уулуу түтүндүн айынан өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, абанын булганышы нормадан 30 эсе көбөйүп кеткен.

Натыйжада бала бакча, мектептер жабылып, курулуштар токтотулду. Көпчүлүк көчөгө чыкпай калышты. Абанын кескин булганышына талаалардагы самандардын өрттөлүшү жана транспорт газдары себеп болгону кабарланды.

Рейтер агенттиги кабарлагандай, уулуу түтүн аба каттамдарынын кечигүүсүнө да себеп болду. Бийлик транспорт каттамды чектеп, элди машине минбей турууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG