АКШ президенти Дональд Трамп менен орус президенти Владимир Путин Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун (АПЕК) Вьетнамдагы саммитинде кол алышып учурашты. 10-ноябрдагы бул кездешүү эки өлкө лидерлеринин ыктымал жолугушуусу боюнча карама-каршылыктуу маалыматтар айтылып жатканда болду.
Ага чейин Ак үй президент Трамп Путин менен Вьетнамдагы саммитте расмий жолугушуу өткөрбөй турганын билдирген. Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс кездешүү эки тараптын графиги туура келбегени үчүн болбой турганын айткан. Бирок орус-америка лидерлери аймактагы жыйындардын биринде бейрасмий жолугуп калышы мүмкүндүгүн четке каккан эмес.
Кремлдин басма сөз кызматы Дмитрий Песков болсо жолугушууну уюштуруу иши уланып жатканын билдирген.
Эки лидер буга чейин көзмө-көз быйыл июлда “Чоң жетинин” Германиядагы саммити учурунда гана жолуккан.