Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:24

Дүйнөлүк соода уюмунун Товар соодасы боюнча кеңешинин Женевадагы жума күнкү жыйынында Кыргызстандын Казакстан менен чек арасындагы кырдаал боюнча арызы каралды. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыйында кыргыз делегациясы чек арадагы өткөрмө пункттардагы абал тууралуу маалымат берип, казак тарап оор жүк ташуучу унааларга “жасалма тоскоолдуктарды” түзүп жатканын билдирген.

“Делегация Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмунун негизги принциптерин бузганын көрсөттү”,-деп айтылат өкмөттүн расмий билдирүүсүндө.

Ошондой эле кыргыз тарап чек арада жүк ташуучу унаалар көпкө туруп калганын, анын чыгымын Эл аралык валюта фонду 200 миллион доллар деп эсептегенин кошумчалаган. Өз кезегинде казакстандык делегация мурда айткандарын кайра белгилеп, чек арадагы текшерүүлөрдү аткезчилик жол менен ташылган товарларга каршы күрөш жана фитосанитардык талаптар менен түшүндүргөн.

Кыргыз өкмөтү чек арадагы кырдаал боюнча казак тараптын ар бир аргументине жооп бергенин, Дүйнөлүк соода уюмун түзүлгөн кырдаалга объективдүү баа берүүгө чакырганын билдирди. Жыйында Корей республикасынын, Жапониянын жана Молдованын делегациялары эки тарапты кырдаалды тез арада жөнгө салууга үндөгөн.

Женевадагы жыйын боюнча казак тараптын расмий маалыматы белгилүү боло элек. Казакстан 10-октябрдан тарта кыргыз-казак чек арасында текшерүү күчөтүп, натыйжада "Ак Тилек" бекетинде эле 500-600гө чейин оор жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны пайда болгон. Казакстан менен чек арадагы абал татаалдашкандан кийин Кыргызстан Евразия экономикалык биримдиги менен Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылган. (KK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG