Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Өкмөт жарандык коом менен 14-ноябрда Кумтөргө барат


Кумтөр
Кумтөр

Бул тууралуу вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 10-ноябрда журналисттерге билдирди. Ал Кумтөргө барчу делегациянын курамы өкмөт, жарандык коом жана ЖМК өкүлдөрүнөн кураларын билдирди. Зилалиев бүгүнкү күндө Суу кодексине каршы чыгып жаткандарды жеринде Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн абалы менен тааныштырбаса, жарандар туура эмес талкуулоо жүргүзүп жатышат.

- Кумтөргө барып, өз көзүбүз менен абалды көрүп келели. Андан кийин гана бир отуруп, талкуулаган оң. Себеби учурда абалды билбей эле адамдар оюн айтып жатышат, ал эми калгандары туура эмес айткан сөздөргө жетеленип кетип жатышат.

Дүйшөнбек Зилалиев учурда Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү жылып, эрип отуруп, болгону 20 пайыздан ашыгыраак гана бөлүгү калганын, бул мөңгүлөр жоголуу алдында турганын билдирген.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети 31-октябрда Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөткөн.

Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоордо алтын казуучу компанияларга айрым учурларда мөңгү аймактарында иш жүргүзүүгө уруксат берүү сунушу камтылган. Бийлик Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан кен казууга уруксат берүүнү сунуштоодо.

Эгер документ парламенттин жалпы жыйынында каралып, жактырылып, ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат. (SDz)

XS
SM
MD
LG