Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Допингге каршы агенттик орус спортчулар тууралуу жаңы маалымат алды


Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттигине (WADA) орус спортчулардын 2012-2015-жылдар аралыгындагы допинг-тесттеринин маалыматтары туурасында файл түштү. Бул тууралуу аталган агенттиктин сайты кабарлоодо.

Маалым болгондой учурда маалыматтар базасы иликтенип жатат. WADA адистери анализдердин маалыматтарын уюмдун аткаруу комитетинин 15-16-ноябрда боло турган отурумунда кенен талкуулаганы жатат.

The New York Times гезити допинг-тесттердин маалыматын камтыган файл аноним булактардан алынганын жазууда.

2016-жылы Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттиги Орусиянын спортчулары массалык түрдө тыюу салынган дарыларды колдонуп келгени боюнча баяндама жасаган. Анда бул ишке орус бийлигинин катышы бар деп ырасталган.

Орусия Сочиде өткөн 2014-жылкы кышкы Олимп оюндарында допингди системалуу негизде спортчуларга берген деп айыпталган. Натыйжада орус жеңил атлетчилерине 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадага катышууга тыюу салынган.

5-7-декабрда Эл аралык олимпиада комитети Орусияга карата айып чараларын кабыл алуусу күтүлүүдө. Анда орус спортчуларды 2018-жылы боло турган кышкы Олимп оюндарынан таптакыр четтетиши мүмкүн деген маалыматтар чыга баштады. (SDz)

XS
SM
MD
LG