Милиция 9-ноябрда Бишкектен дайынсыз жоголгон эки кызды Оштон тапты. Бул тууралуу “Азаттыкка” окуучулардын биринин эжеси Мээрим Тургуналиева билдирди.
- Мага азыр эле Ош шаардык милициядан деп чалышты. Алар Ошто жүрүптүр, “Нур” мейманканасында түнөгөн экен. Атасы азыр Ошко чыгып кетти. Ден соолуктары жакшы экен. Башка кабарыбыз жок, - деди Мээрим Тургуналиева.
Ош шаардык ИИБдан “Азаттыкка” кабарлашкандай, учурда кыздар менен сүйлөшүү иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча кыздар үй-бүлөсүнө таарынып, Ошко такси менен кетип калышкан. Учурда милиция кыздар акчаны кайдан алганын, Ошко келүү максатын тактап жатат.
9-ноябрда 13 жаштагы Сезим Тургуналиева жана 12 жаштагы Азиза Мухамед кызы үйдөн чыккан боюнча дайынсыз кеткен. Алардын телефондору өчүп, мугалимдери кыздар ал күнү мектепке келбегенин билдиришкен. Кыздар №28 орто мектепте окушат. (SDz)