Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Бизнесмен Тельман Исмаилов киши өлтүрүүнү уюштурган деп айтыпталууда


Черкизов базарынын аймагындагы мигранттар лагери. 2013-жыл
Черкизов базарынын аймагындагы мигранттар лагери. 2013-жыл

Орусиялык бизнесмен Тельман Исмаилов сыртынан камакка алынды. “Интерфакс” агенттиги ал эки кишинин өлүмүнө шектелип жатканын кабарлады.

Исмаиловдун адвокаты Марина Русакованын агенттикке билдиришинче, бизнесмен 2016-жылы киши колдуу болгон соода комплекстеринин ээси Владимир Савкин менен “Люблино Моторстун” негиздөөчүсү Юрий Брилевдин өлүмүнө айыпталып жатат. Учурда бул ишке байланыштуу Исмаиловдун бир тууганы Рафик камакка алынды.

Марина Русакова бизнесмендин күнөөсүз экенин айтууда. Анын апелляциялык арызы 15-ноябрда каралат.

АСТ тобунун негиздөөчүсү Тельман Исмаилов 2009-жылы жабылган Черкизов базарынын мурдагы ээси катары белгилүү. 2015-жылы бизнесмен банкрот деп табылган. Ушул жылдын март айында анын активдерин сатуу процедурасы жүрүп жатканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG