Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

Польшада эгемендик күнүн утурлай он миңдеген улутчулдар аянтка чыкты


Варшава.
Варшава.

11-ноябрда Варшавада Польшанын эгемендүүлүк күнүн утурлай борбордук аянтта улутчулдар жүрүш өткөрдү. Ашкере оңчулдар кыймылынын уюштуруусунда өткөн маршка он миңдеген адам катышты.

Бул жүрүш Польшанын 123 жыл дүйнө картасынан жоголуп, 1918-жылы кайра мамлекет катары түзүлүүсүнө арналды.

Майрамдын расмий бөлүгүнө президент Анджей Дуда жана Европа кеңешинин башчысы Дональд Туск катышты. Алар белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюп, элге майрамдык кайрылуу жасашты.

Бирок ашкере оңчулдар өткөргөн жүрүшкө 60 миңге чукул киши катышып, бардык мамлекеттик жана башка мекенчил иш-чараларды артта калтырды.

Бул Европада эң ири улутчул марштардын бири болуп калды. Ага Европадагы башка ашкере оңчулдар кыймылынын мүчөлөрү жана жетекчилери да катышты.

Польша эгемендүүлүктү Биринчи дүйнөлүк согуштун аягында, 1918-жылы алган. Ага чейин мамлекет үчкө бөлүнүп, Орусия, Пруссия жана Австрия - Венгрия империясына таандык болгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG