Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:53

Жол куруунун кепилдик мөөнөтүн беш жылга чейин узартуу сунушталды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Жогорку Кеӊеште “Автомобиль жолдору жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Демилгечи депутаттардын бири, КСДП фракциясынын мүчөсү Марат Аманкулов жолдун азыркы эки жылдык кепилдик мөөнөтү өтө кыска экенин айтып, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда аны беш жылга чейин узартуу каралып жатканын белгиледи.

“Эл аралык тажрыйба дагы ушундай. Орусия, Кытай, Финляндия сыяктуу кепилдик мөөнөтүн 25-30 жылга чейин койгон өлкөлөр бар. Жол куруучу компания жолдун сапатына жакшы көӊүл бурушу керек жана ал ушул мөөнөт аралыгында жол бузула баштаса, өзүнүн эсебинен оӊдоого тийиш”, - дейт ал.

Бирок Транспорт жана жолдор министрлиги эгерде жол салуунун кепилдик мөөнөтү узарса, жолдун курулушу 10 пайызга чейин кымбаттай турганын айтып, мыйзамга каршы пикирде болууда.

Парламенттин расмий сайты кабарлагандай, мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Өлкөдө жүктөрдүн 96 пайызы, ал эми элдин 98 пайызы кара жол менен ташылат.

Кыргызстан боюнча жолдордун жалпы узундугу 34000 чакырымды түзөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG