Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Испан премьери “жикчилдерди” Каталония парламентинен сүрүүгө чакырды


Мариано Рахой Барселонадагы жыйында сүйлөөдө. 12-ноябрь, 2017-жыл.
Мариано Рахой Барселонадагы жыйында сүйлөөдө. 12-ноябрь, 2017-жыл.

Мариано Рахой бул тууралуу 12-ноябрда Барселонада, өзүнүн Элдик партиясынын шайлоо өнөктүгү боюнча жыйынында билдирди.

Ал каталониялыктарды алдыдагы мөөнөтсүз шайлоодо аймактык парламенттен жикчилдерди кулатууга чакырып, буга чейин “унчукпай келген көпчүлүк” өз турумун эми “добушка” айлантуусу керектигин белгиледи.

Испания премьери Барселонага Каталония автоном аймагында эки апта мурда түз башкаруу киргизилгенден бери биринчи жолу келди.

Өткөн айда көз карандысыздыкты бир тараптуу жарыялаганы үчүн аймактык лидерлердин бир канчасы кармалган.

Аларга төңкөрүшкө барды, мамлекеттик каражатты туура эмес пайдаланды деген жана башка бир нече айып тагылууда.

11-ноябрда Барселонанын көчөлөрүнө аймактык лидерлерди камактан бошотуу талабы менен 750 миңдей адам чыкты.

Испаниянын экономикалык жактан бакубат Каталония аймагы көз карандысыздыкты 27-октябрда жарыялаган. Анын алдында бул маселе боюнча Мадрид "мыйзамсыз" деп атаган референдум өткөн болчу.

Буга байланыштуу Испаниянын борбордук өкмөтү Каталониянын автономия макамын токтотуп, аймактык өкмөттүн президент Карлес Пучдемон баш болгон жетекчилерин кызматтан четтетип, 21-декабрга мөөнөтсүз шайлоо белгилеген. (UE)

XS
SM
MD
LG