Филиппин - Дональд Трамптын Азиядагы он үч күндүк сапарынын акыркы бөлүгү.
Ал Манилада 14-ноябрга чейин болуп, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн (ASEAN) саммитине катышат.
Дональд Трамп келердин жуп алдында Манилада АКШ элчилигине барууну көздөгөн жүздөгөн демонстрантты таратуу үчүн полиция суу бүркүгүчтөрдү колдонду.
Филиппинге чейин Дональд Трамп Вьетнамда, Азия -Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун (APEC) саммитине катышып, ал жерде Орусия президенти Владимир Путин менен кыска жолукту.
АКШ президенти Азия сапары учурунда Жапония, Түштүк Корея, Кытайга да токтоп, Түндүк Кореянын өзөктүк, ракеталык программасына биргелешип каршы турууга, соода маселелерине көңүл бурду.
Вьетнамда Трамп Түштүк Кытай деңизи боюнча АКШнын ортомчулугун сунуш кылды.
Бөлүктөрүн Кытайдан Филиппин менен Вьетнамдан тышкары Малазия, Бруней, Тайвань да талашып жүргөн Түштүк Кытай деңизи аркылуу жылына 5 триллион доллардык жүк ташылат. (UE)