Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:57

Өзбекстанда Евробиримдик-Борбор Азия кызматташтыгы талкууланды


Федерика Могерини менен премьер-министр Сапар Исаковдун жолугушуусу. 9-ноябрь, 2017-жыл.

Самаркандда 10-ноябрда өткөн кезектеги жыйынга Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини катышты. Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жетектеп барды.

Жыйында тараптар чек ара, билим берүү, инвестиция, курчап турган чөйрөнү коргоо багытындагы өз ара кызматташтыкты ортого салышты. Өзгөчө көңүл аймактык коопсуздукту камсыздоо, террорчулук жана экстремизмге каршы биргелешип күрөшүүгө бурулду.

Ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин Евробиримдик менен кызматташуусунун болочогу тууралуу кеп козголду. Соңунда биргелешкен коммюнике кабыл алынды.

"Борбор Азия+Евробиримдик" форматындагы жолугушуу 2007-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Ал Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча стратегиясынын ишке ашуусуна баа берүү максатын көздөйт. (NT)

XS
SM
MD
LG