Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:02

Иран-Ирак чегиндеги зилзала 100дөн ашуун өмүрдү кыйды


АКШнын Геологиялык кызматынын эсебинде, зилзаланын күчү 7,3 баллды түздү.

Иран менен Ирактын чек арасында 12-ноябрда кечинде болгон жер титирөөдөн 100дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Дагы жүздөгөн киши жарадар болгонун ирандык маалымат булактары кабарлашты.

АКШнын Геологиялык кызматынын эсебинде, зилзаланын күчү 7,3 баллды түздү. Анын очогу Ирактын түндүк-чыгышындагы Халабжа шаарынан 32 чакырым түштүк-батышта болду.

Силкинүү Израилде, Кувейтте жана Түркиянын түштүк-батышында да сезилген.

Иранда 2003-жылы күчү 6,6 баллды түзгөн жер титирөөдөн тарыхый Бам шаары талкаланып, 26 миң адамдын өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG