Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

Тажикстанда камактагы генералдын үйү бала бакчага айланды


Тажикстанда өмүрүнүн аягына чейин камалган генерал Гаффор Мирзоевдин мамлекеттин карамагына алынган үйүндө бала бакча ачылды.

Өлкөнүн Жогорку соту 2006-жылы Улуттук гвардия менен Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Мирзоевди мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп таап, мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен өмүр бою эркинен ажыраткан.

Мурдараак Куляб мамлекеттик университетинин жетекчилиги шаардын борборундагы жарым гектар жерди ээлеп турган генералдын үйүндө электрондук китепкана ачууну сунуш кылган.

10-ноябрда окуу жайы билдиргендей, үй оңдолуп, бала бакчага айланды. Куляб мамлекеттик университетинин жетекчилигинин айтымында, жаңы бала бакчада окуу жайда эмгектенген мугалимдердин балдары тарбияланат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жарандык согуштан кийин Гаффор Мирзоев шаардын ортосундагы жер тилкесин өзүнө алып, үйүн бийик тосмо менен курчап алган.

Учурда анын үч үй-бүлө мүчөсү — иниси Абдурасул Мирзоев, уулу жана карындашынын күйөөсү абакта камакта жатышат.

XS
SM
MD
LG