Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Кыргызстанда "Йакын инкар" агымынын лидери камалды


Буга чейин Аксы районунда кармалган "Йакын инкар" тобунун өкүлдөрү.
Буга чейин Аксы районунда кармалган "Йакын инкар" тобунун өкүлдөрү.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Кыргызстанда тыюу салынган “Йакын инкар" диний агымынын лидери деп шектелген 47 жаштагы адам кармалганын билдирди. Ал 20-октябрда колго түшүп, Москва райондук соту тарабынан тергөө абагына эки айга камалган.

Бүгүн таратылган маалыматка ылайык, шектүү 20-октябрда Беловодск айылындагы мечиттердин биринде өлкө аймактарынан чогулган “йакын инкарчылардын" жыйынын өткөрүп жаткан жеринен кармалган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, ал Индия, Бангладешке бир канча ирет барып, ал жакта жылына өтүүчү ар кандай диний агымдардын жыйынына катышып турган.

Шектүү 2003-жылы бул агымга кошулуп, "Йакын инкарга” тиешелүү урду тилиндеги 20дан ашуун китепти кыргыз, орус тилдерине которгон. Ошондой эле Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын саясатын кескин сындап келгени менен белгилүү болгон жана өлкөдө “Йакын инкар” агымын түптөгөндөрдүн бири катары сыпатталууда.

Кармалган жарандын эки аялы жана 12 баласы бар. “Йакын инкардын” эрежеси боюнча балдары мектепке барган эмес. Ошондой эле социалдык, медициналык кызматтардан баш тартышкан. Балдары расмий каттоодо турбайт.

Ал Беловодск айылында эки башка даректеги үйдө турган. Күч органдары ал үйлөрдү тинтүүгө алып, экстремисттик маанидеги адабияттарды, аудио-видео дисктерди табышкан. Учурда алынган материалдар экспертиза үчүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга өткөрүлүп берилди. Кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

2017-жылы 15-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту "Йакын инкар" агымын экстремисттик деп тапкан. Буга Башкы прокуратуранын кайрылуусу себеп болгон. Алар балдар менен кыздарды мектепте бөлүп окутуу зарыл, телефон, телевизорду колдонбоо керек деген сыяктуу кескин көз караштарды карманып, чач-сакалын өстүрүп, узун кийим кийишет. (TSh)

XS
SM
MD
LG