Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:30

“AgeNet International”: Дарыгерлер жаш курагына байланыштуу иштен алынган


Саламаттык сактоо министрлиги.

Эл аралык “AgeNet International” геронтология (картаюуну жана карыларды изилдөө илими) уюму Бишкектеги бир нече оорукана жетекчилеринин кызматтан алынышы боюнча өкмөт башчы Сапар Исаковго ачык кат жазды.

Уюмдун катында: “Өлкөдө адамдар жаш курагына байланыштуу кызматтан алынган прецедентке терең тынчсыздануубузду билдирип, бул көрүнүшкө көңүл бурууңузду өтүнөбүз” деп жазылат.

Ал эми бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигине кайрылганыбызда, мекемемин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова буларды бирдирди.

- Министр бул боюнча комментарий берген. Алардын ишинин жыйынтыгы боюнча, айрымдары чын эле пенсия курагына келип калган. Андыктан министрлик алар менен келишимди узарткан эмес. Бирок азыр ал орундарга сынактын шарттары даяр болду. Жакында жарыяланат. Алар деле катышса болот. Алардын жаш курагына карап дискриминация болду деген туура эмес.

2-ноябрда министрликтин буйругу менен алты дарыгер иштен алынган. Алар Үй-бүлөлүк медициналык борбордун директору Жыргал Касымалиева, № 1 шаардык клиниканын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев, Студенттер поликлиникасынын башкы дарыгери Чынара Балтабаева, Шаардык эндокринологиялык диспансердин башкы дарыгери Светлана Мамутова, Бишкек перинаталдык борборунун директору Бурул Алмазбекова жана Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо боюнча атайын борбордун башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу Роза Көчөрбаевалар болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG