Жалал-Абад шаарында мурунку “Сентябрь” телеканалы иштеген имаратта жаңы “Чолпон ТВ" каналы иштей баштады. Эфирге 11-ноябрдан тартып чыккан каналдын директору Байсал Кадыралиевдин “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, анын "Сентябрга" эч кандай тиешеси жок.
- Азырынча Ош менен Жалал-Абадга, кийинчерээк Баткен облусуна тарта баштайт, – деди Кадыралиев.
Аталган телеканал санарипте чыгып жатат жана өз эфирин кино, клиптер менен толтурууда. Ээси ким экени тууралуу маалыматтар айтыла элек.
2013-жылы Жалал-Абадда “Сентябрь” телеканалы ачылып, 2015-жылы анын башкы кеңсеси Бишкек шаарына көчүрүлгөн. Быйыл августта ал соттун чечими менен жабылып, ордуна "Жалбырак-ТВ" иштей баштаган. (RsK)