Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:29

Ооганстандагы жоочулардын чабуулунан сегиз полициячы мерт болду


Ооганстандагы полиция кызматкерлери.
Ооганстандагы полиция кызматкерлери.

Ооганстандын Фарах провинциясындагы согушкерлердин чабуулунан сегиз полиция кызматкери мерт болгонун жергиликтүү бийлик билдирди.

Аймактын губернаторунун расмий өкүлү Мохаммед Насер Мехринин айтымында, куралдуу жоочулар полиция бекетине 13-ноябрга караган түнү кол салышкан.

Бир нече саатка созулган кармаштан кийин жоочулар жок кылынган. Ал эми полиция кызматкерлеринин бири "Талибан" кыймылы менен байланышта болгон деген шек менен кармалды. Азырынча чабуул үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз мойнуна ала элек.

Өткөн айдын соңунда ушул эле провинциядагы өткөрмө-текшерүү постуна кол салуудан тогуз ооган аскери мерт болгон. Анда калаба үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна "Талибан" кыймылы алган.

XS
SM
MD
LG