Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Орусиянын лидери Владимир Путин Кара деңиз боюндагы Сочи курортунда 13-ноябрда жолугушаары күтүлүүдө.
Кремлдин билдирүүсүнө караганда, президенттер аймактык жана эл аралык маселелерди, анын ичинде "террорчулукка каршы биргелешкен күрөштү" талкуулашат. Андан сырткары, Сириядагы алты жылдан бери уланып келген согушту токтотуу чараларын да сүйлөшөөрү маалым болду.
Орусия 2011-жылдын жазында башталган жарандык согушта Сириянын президенти Башар аль-Асаддын өкмөтүн, ал эми Түркия бийликке каршы козголоңчуларды колдоп келишет.
Сентябрь айынын башында Орусия, Иран жана Түркия Сириянын Идлиб провинциясында деэскалация зоналарын түзүүнү макулдашышкан.
Путин менен Эрдоган бир ай мурда Анкарада жолугушуп, Сирия жана Ирак маселелерин талкуулашкан