Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:34

Ирандагы зилзаладан курман болгондор 300дөн ашты


Иранда издеп-куткаруу иштери 13-ноябрдын таңында башталды.
Иранда издеп-куткаруу иштери 13-ноябрдын таңында башталды.

Иран-Ирак чек арасында болгон катуу зилзаладан курман болгондордун саны саат сайын көбөйүп жатат. Соңку расмий маалыматка ылайык, Иранда каза тапкандардын саны 330гө чамалап, жарадарлардын саны эки жарым миңге жетти. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги маалымдагандай, курмандыктардын көбү Керманшах провинциясында катталууда.

Расмий билдирүүлөргө караганда, Иракта жети киши мерт болуп, 300дөн ашууну жаракат алышкан.

Күчү 7, 3 баллга жеткен жер титирөө Түркиядан Кувейтке чейинки аймактарда сезилгени кабарланууда.

АКШнын Геологиялык кызматынын эсебинде, 13-ноябрга караган түнү болгон зилзаланын күчү Рихтер таякчасы боюнча 7,3 баллды түздү. Ал эми очогу Ирактын түндүк-чыгышындагы Халабжа шаарынан 32 чакырым түштүк-батышта болду.

Президент Хасан Роухани Ички иштер министрлигин жер титирөөдөн жабыр тарткандарга мүмкүн болгон жардамды көргөзүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG