Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата-Журт" фракциясына жаңы лидер тандоо маселеси эмки жыйында каралат. Бул тууралуу фракциянын катчылыгы билдирди. Парламенттин иш тартиби боюнча фракция жыйындары аптанын жума күнүндө өтөт.
Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидерлигинен өз арызы менен кеткенин "Азаттык" радиосуна парламенттеги аталган фракциянын депутаты Алиярбек Абжалиев билдирген. Фракция мүчөлөрү бүгүн чогулуп, ушундай чечим кабыл алышкан.
Быйыл 4-ноябрда конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу боюнча Башкы прокуратура Бабановго каршы кылмыш ишин козгогон.
Президенттик жарышта бийлик талапкери менен атаандашып, утулуп калган Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен эле. Ал Орусияда дарыланып жүргөнүн фракция лидеринин орунбасары Руслан Казакбаев айткан. (SE)