Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 03:41

Бишкекте Атамбаевдин президенттик мөөнөтүнө арналган көргөзмө ачылды


Көргөзмө.

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында "Кыргызстан тарыхындагы алты жыл" аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Анда мөөнөтү аяктап жаткан президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү башкарган жылдары сүрөт менен көрсөтүлгөн.

Көргөзмөгө 100 сүрөт коюлган. Арасында расмий жолугушуулардан тышкары, мурда коомчулук көрбөгөн кадрлар бар.

Көргөзмөнүн автору - мамлекет башчынын жеке фотографы Султан Досалиев. Анын айтымында, сүрөттөр аркылуу соңку жылдары өлкө кандай өзгөргөнүн, Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезде кандай орчундуу окуялар болгонун көрсөтүүгө аракет кылган.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президенттигине 2011-жылы шайланган. Быйыл 24-ноябрда ал бийликти жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берет.

Көргөзмө бир айга уланат. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG