Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:09

FT: Лондондо "Касперский лабораториясы" тыңчылык боюнча шектелүүдө


Компьютердик вируска каршы "Касперский лабораториясы" аттуу программа.

"Financial Times" басылмасы британ өкмөтүндөгү өз булактарына шилтеме жасап кабарлагандай, британ чалгын кызматтары өлкөдө "Касперский лабораториясы" деп аталган Орусиянын программасынын кеңири жайылып баратканына тынчсызданганын билдирди.

Британ өкмөтүндөгүлөр Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы бул программаны тыңчылыкка колдонушу мүмкүн деген шектенүүсүн билдиришкен.

Өз кардарларына бул программаны бекер колдонууга тараткан "Barclays" банкы орусиялык компания менен кызматташууну токтотоорун билдирди. Ошол эле маалда эч кандай далилдер чыгарыла элек. "Касперский лабораториясынын" өкүлдөрү бул дооматтарды четке кагышууда.

13-сентябрда АКШ Сенаты федералдык мекемелерге бул программаны колдонууга тыюу салган. Буга жооп катары компания "бир да атайын кызматка же өкмөттүк тармактарга тиешеси жоктугуна тиешелүү далилерди көрсөтүүгө" убада берген.

Андан сырткары компания 2018-жылдын башында программанын коддорун көз каранды эмес эксперттердин текшерүүсүнө сунуш кылаарын билдирген.

1997-жылы негизделген "Касперский лабораториясы" эл аралык компаниясы компьютердик вирустарга, хакердик чабуулдарга жана башка киберкоркунучтарга каршы программаларды чыгарууга адистешкен. Компания 200дөн ашуун өлкөнүн аймагында иш жүргүзөт. "Касперский лабораториясынын" баш кеңсеси Москвада.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG