Линктер

шейшемби, 14-август, 2018 Бишкек убактысы 17:30

Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо 23-ноябрга белгиленди 


Жалал-Абад шаары.

Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, тиешелүү чечим 13-ноябрда кабыл алынды. 23-ноябрда шайлоону уюштуруу жана өткөрүү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.

9-ноябрда жаңыдан шайланган Жалал-Абад шаардык кеңешинин биринчи сессиясы болгон. Ага чейин шаардык кеңеш көп жолу жыйынга чогула алган эмес.

2016-жылдын 11-декабрында шайланган депутаттар мэр шайлоонун айланасында бириге албай, ушул жылдын апрель айында өзүн-өзү тараткан болчу. 28-майда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп, анда алты партия жеңишке жетишкен. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG