Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

Бишкекте “Диабет күнү” акциясы өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, бүгүнкү акциянын жүрүшүндө баш калаадагы Ала-Тоо аянтында, Курманжан Датканын эстелигинин жанында кандагы глюкозанын деңгээли акысыз текшерилет. Ага кант диабетинен жабыркагандар жана башка жарандар катыша алат.

Акцияны флешмоб жана Глобалдык диабетчилер маршы коштойт. Өлкө аймагында кант диабети менен ооруган 50 миңден ашуун жаран катталса, алардын 330дан ашууну балдар.

Бул дартка кабылганынан кабары жок жүрө берип, дарыгерлерге кеч кайрылгандар, оорусу өтүшүп кеткендер да көп.

XS
SM
MD
LG