Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

Өкмөт диабетке каршы дары-дармек сатып алууга каражат бөлдү


Диабетке каршы дары-дармектерди сатып алууга жана неонаталдык текшерүү жүргүзүүгө мамлекеттик бюджеттеги кошумча каражаттардын эсебинен 140 млн. сом бөлүнөт. Буга байланыштуу буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Маалыматка караганда, көздөрү жакшы көрбөгөн, кант диабети менен ооругандар инсулиндерди алып жатканда ийнедеги жазуулар абдан майда болгондуктан дозасынын өлчөмүн көрө алышпайт. Буга байланыштуу кошумча картридж түрлөрү аралашкан инсулин аналогдорун жана бул инсулиндердин түрлөрүнө ийне-калемдерин сатып алуу муктаждыгы бар.

Мындан тышкары кант эмес диабети менен ооругандар үчүн антидиуретикалык гормон препараттарын сатып алуу зарылдыгы чыккан. Анткени бул дарыны жетиштүү көлөмдө ала албаган бейтаптар күнүнө 15 литрге чейин суу ичиши керек.

Кант диабетинин Мамлекеттик регистринин маалыматтары боюнча, Кыргызстанда 16 504 кант диабети менен ооругандар инсулинотерапияга муктаж жана кант эмес диабети менен ооруган 700 адам антидиуретикалык гормон препараттарын ичишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG