Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:10

АКШда улуттук жек көрүүгө байланышкан кылмыштар көбөйдү


АКШда 2015-жылы чиркөөдө афро-америкалыктарды жапырт кырган Дилан Руф.

Американын Федералдык иликтөө бюросунун жылдык отчетунда жазылгандай, 2016-жылы улуттук жек көрүүгө байланышкан кылмыштар мурунку жылга караганда 5 пайызга көп катталган.

Кол салуудан көбүнчө оогандар, жөөттөр жана мусулмандар жапа чегишкен. Былтыр улуттук жек көрүүгө байланыштуу 6121 кылмыш жасалган. Анын басымдуу бөлүгү афро-америкалыктарга каршы алардын расасына, этносуна же тегине байланыштуу жасалган.

Динге байланышкан 1 273 окуянын жарымы жөөттөргө каршы багытталган. Мусулмандар 307 жолу диний кастыктан улам кол салууга дуушар болушкан. Бул көрсөткүч 2015-жылга караганда 19 пайызга көп. Мындан тышкары кумсаларга жана транссексуалдарга да кол салуулар болгон. Ал эми кылмыш жасаган кишилердин 46 пайызы европеоид, 26 пайызы афро-америкалыктар экени белгилүү болду.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG