Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Бишкек жана Ош мэрлери “Даңк” ордени менен сыйланышты


Кыргызстандын герби жана желеги.
Кыргызстандын герби жана желеги.

Президент Алмазбек Атамбаев 14-ноябрда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, III даражадагы “Манас” ордени эки, “Даңк” ордени менен жети киши сыйланды. Андан тышкары, “Достук” ордени менен бир, “Даңк” медалы эки адамга ыйгарылды:

III даражадагы «Манас» ордени:

Жусупакмат Атамбаев - Ош облусунун «Маткерим» фермердик чарбасынын жетекчиси;

Жумагул Жумаков - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы «Жумак» асыл тукум үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси.

«Даңк» ордени:

Зинаида Биденко - Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын инженердик-геологиялык партиясынын экзогендик-геологиялык процесстерин изилдөө боюнча отрядынын башчысы;

Хурсанбек Байбабаев - Ош облусунун Араван районундагы «Байбува» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

Лев Васильев - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;

Албек Ибраимов - Бишкек шаарынын мэри;

Айтмамат Кадырбаев - Ош шаарынын мэри;

Кокумбек Таштаналиев - Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы чарба жана мелиорация департаментинин директору;

«ЭМАРК Строй» жоопкерчилиги чектелген коому.

«Достук» ордени:

Ахматжон Абдурахманов - Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы.

«Даңк» медалы:

Айбек Калиев - «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы;

Николай Пихота - Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түштүк-Кыргыз Эмгек Кызыл Туу ордендүү геологиялык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын башкы геологу.

Андан тышкары, айыл чарба, курулуш, жергиликтүү бийлик, жаратылышты коргоо, өнөр жай багытында эмгектенген 31 адам Ардак грамота менен сыйланышты.

XS
SM
MD
LG